Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Бишкек шаарынын тургуну калтырган суроо: "Баламды мамлекеттик бала бакчага берем. Айына миң сом төлөйбүз. Бирок айдын башында канцелярдык буюмдарга, килем, күзөт кызматкеринин айлыгына акча жыйналат. Былтыр ата-энелер актап-сырдап тазалап келишкен. Мындай иштерди жасаганга кызматкер же каражат каралбайбы?
Бир группада 60-80 бала бар. Эки тарбиячы мөөнөт менен иштейт. Директор экиден эле тарбиячыга орун беришкен дейт. Алар жетишпейт да. Балдардын группадагы санына чектөө барбы? Бишкектеги бала бакчалардын чыгымдарына акча бөлүнөбү?”
Жооп: "Директор акча чогултпашы керек. Кандайдыр бир факты болсо аты-жөнүн көрсөтүп арыз жазса биз чара көрөбүз. Бакчада бардык иштегендерге айлык төлөнөт. Андан тышкары чогултулган каражаттар мыйзамсыз. Бизге кайрылгандар болот, чара көрүү үчүн иликтеп баштаганда арызынан баш тартып коюшат. Директорго жөн эле күнөө коё албайбыз, далил болушу керек. Бир директорду кызматтан алганы жатканбыз. Кийин баланын апасы байланышып "мен арызданган эмесмин, иним кайрылыптыр. Жаңылыштык кетти" деди.
Бишкек шаарындагы райондор боюнча мектеп жашына чейинки 22 115 бала бар деп жазылган. План боюнча биз бала бакчага 13 835 баланы ала алабыз. Бирок азыркы күндө бала бакчага 31 миңден ашуун бала барат. Бир группада бир тарбиячы жана анын жардамчысы болот.
Шаарда бала бакчалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп ишке берилип жатат. Ата-энелердин оңдоп-түзөө иштерине катышканы нормалдуу көрүнүш. Мамлекет жыл сайын 84 бала бакчаны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп бере албайт. Шаардык бюджет канализация, жылуулук системин оңдоо иштерин каржылайт. Имарат ичин актап-сырдоону бакча кызматкерлери ата-энелер менен биргеликте жасашат. Бакчаларга жардам бербесе да болбойт. Көпчүлүк имараттардын курулганына 50-60 жыл болду. Баарын толук камсыздоо кыйын. Мында ата-энелердин колдоосу керек. Дал ушундай эле көрүнүш мектептерде болушу мүмкүн.
Суроого Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.