Сооронбай Жээнбековдун баннеринин өрттөлүшү боюнча кылмыш иши ачылды

Таласта президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт баннеринин өрттөлүшү боюнча кылмыш иши ачылды. Маалыматты SUPER.KG порталына 26-сентябрда Жээнбековдун Таластагы штабынан билдиришти. Кылмыш иши "бейбаштык" беренеси боюнча козголуп, териштирүү жүрүп жатат.

"Кылмыштын бети ачыла элек. Териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти штабдан.

Эскерте кетсек, Талас облусунун Манас районунда талапкер Сооронбай Жээнбековдун баннерлери мындан 1 апта мурун өрттөлүп, айрылган эле. Аталган талапкердин Таластагы штабынын жетекчиси Мирлан Эсенкулов бул ишти Жээнбековдун атаандаштарынан көрөрүн айткан. Окуя боюнча укук коргоо органдарына арыз берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
marselkalmurzaevkg
2017-09-26 12:30:02
Карап турсанар эми ушул кылган адамдарды сразуу таап 5 6 жылдан камап салышат сразуу эле
+4
Ailo
2017-09-26 12:30:37
Оббооо ошого деле проблема бир баннерди деп эми соттошуп каматкыла...
+6
kechirmeni
2017-09-26 12:42:43
"Эки доо урушса ортодо чымындар олот" дегендей туугандар бул дуйно кербен сарай бироо келет бироо кетет, ушуга окшогон нерселерди кылсак озубузго эле зыян, эми кимге пайда же аны камайт же акча толоп чыгат. Андыктан анчалык эле шайлоого берилбестен Кудайдан мамлекетибизге жакшы президент тилеп ошол куну барып озубуздун добушубузду конулубузго жаккан бироого берели. Анан урушуп талашып соттошкондун кереги жок го дейм. Жээнбековбу, Бабановбу же кимиси болсо да элибизге татыктуу иштесе
+4
kyrgyz.kg83
2017-09-26 12:52:10
Екон сотошо бергиле банер учун,мен банери агитациясы акчасы жок Мадумаров Адахан Кимсанбаевичти колдоймун,себеби ал ен татыктусу,алга Мадумаров
+7
Best.bakyt
2017-09-26 12:53:48
Ушул Жээнбеков тынч эле калса элди чуу кылбай. Президенттикке койгудай откон эмгеги да жок, же иш билги чыгаан саясатчы да эмес. Айдама президент болгончо кемпиринин кашында жатсачы тынч эле.
+10
Farm94
2017-09-26 13:48:40
Мага коптон бери кызык болуп жатат С.Жээнбеков угут иштерине кеткен каражаты озунун чонтогунон кетипатыптырбы же бюджеттенби
-2
kushtari
2017-09-26 14:14:29
Мадумаров эн татыктуусу калганына ишенбейм
+10
nazgul20
2017-09-26 15:16:23
Кимге шайлашты билбейсин татыктуусу жок, Бабановдун аялы чеченка болсо энеси курт болсо ал президент болсо Кыргызстандын президенти чеченканы жетелеп журот экенда
+5
bakulya2015
2017-09-26 18:59:44
Акчасы копторду озунуда ортош керекта. Ушундай бир суротту ортогондорду да териштиресинер анан бироолорду мажбурлап акча таркатып шайлоо откоруп жаткандарды териштирбейсинер такыр ишенич калбады бийликке. Негизи таза и акчасы жок эл катары карапайым инсан Адахан деген эле киши уалды окшойт нукура кыргыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан