Бишкекте Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кандай төрагалык кылганы талкууланууда

Бишкекте 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.

Жыйынга Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, президенттик жана өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү, саясат таануучулар, эксперттер катышып жатышат.

"Бул конференция Кыргыз Республикасынын жакынкы жылдардагы ЕАЭБдеги ишмердүүлүгү үчүн мааниге ээ. Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге төрагалык кылуусу Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктаган жылга туш келди. Кыргыз Республикасы аталган уюмга формалдуу түрдө эле кирбей, евразиялык интеграциянын толук кандуу мүчөсү болушу үчүн биздин мамлекеттин башчысы көп иштерди жасады", - деди конференцияны уюштуруучулардын бири Игорь Шестаков.

Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан