Нарын. Нарын мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүлөрү быйыл 800гө жетти

27-майда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин быйылкы бүтүрүүчүлөрү бүтүрүү кечесин өткөрүштү. Окууда жана коомдук иш-чараларда артыкчылык көрсөткөн студенттерге атайын сыйлыктар, диплом жана грамоталар тапшырылды. Аталган ЖОЖдун ректору Салидин Калдыбаев буларды билдирди: “Быйыл университеттеги бүтүрүүчүлөрдүн саны сырттан окуу бөлүмүнүн студенттерин кошкондо 800гө жетти. Мындан сырткары илимдин кандидаттары, докторлору да чыкты бул жерден бүтүп кеткендерден. Нарын облусундагы мугалимдердин 30 пайызы биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү. Чет мамлекеттерде иштеп, ийгиликтерге жетишип жүргөндөрү да көп. Биздин университеттин негизги үч функциясы бар: маданияттуулукка тарбиялоо, билим берүү жана илимий иштерди жазып, аны жактоого кызыктыруу. Жалпысынан университетте 5 факультет бар”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан