Ирина Карамушкина Сирияда жүргөн ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн жарандары уюмга коркунуч экенин айтты

Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина: "Башында өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсүнө абдан каршылыктар болгон. Бүгүн алар уюмга өз убагында киргенибизге ынанышты. Коопсуздук маселеси... ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн жарандары Сирияда жүрүшөт. Согушкер деп аталган алар кайтып келсе, ЕАЭБдеги өлкөлөргө коркунуч жаралышы мүмкүн. Бул боюнча ойлонуу керек. Элге чыгып түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек, социалдык роликтерди тартуу зарыл", - деп билдирди.

Депутат бир уюмга мүчө 2 өлкө: Казакстан менен Кыргызда бензиндин баасында чоң айырма бар экенин белгиледи. Казакстанда күйүүчү май арзан, Кыргыз жеринде кымбат болуп жатканына өкмөттөн жооп сурады.

Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан