Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы шаарлары миллиондогон евро менен долларга таза суу менен камсыздалмакчы

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинде Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы шаарларын таза суу менен камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоорлору 3-окууда талкуусуз жактырылды.

Мыйзам долбоорунда жазылгандай, ратификациядагы насыялык макулдашууларда аталган шаарларды таза суу менен камсыздоого коротулган каражаттарды 15 жана 25 жылдык мөөнөттө төлөө белгиленген.

Макулдашуулардын негизинде, шаарларга төмөнкү көлөмдө насыялык жана гранттык каражаттар берилмекчи:

Өзгөн шаарына 8 миллион 500 миң евро жана 2 миллион 75 миң доллар,

Майлуу-Суу шаарына 6 миллион 65 миң евро жана 1 миллион 6 миң доллар,

Токтогул шаарына 5 миллион 3 миң евро жана 1 миллион доллар,

Балыкчыга 5 миллион евро жана 1 миллион доллар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
arena2014
2017-09-26 11:00:06
Э койгула э
+1
jike
2017-09-26 11:19:10
карыз албай бир нерсени оз кучунор мн бутуро аласынарбы ХХХХ
+1
medet1983
2017-09-26 11:45:09
Ушул миллиондордун 1%коротушуп калганын жешет да биздин эшеке минерлер
+3
grace
2017-09-26 14:52:17
Ким төлөйт ал млндорду.
0
Domi007
2017-09-26 15:14:14
Токтогул районунан уч Терек айыл округунун кызыл-ураан айылынан ушу таза суу учун ар бир уйдон 2000 сомдон чогултуп алышкан.Эгерде атайын акча болунсо эмнеге элден чогултушту Жана ошол айылдын Эли оздору Бекер эле иштеп атышат кыскасы оздору гана суу алып келе жатышат...
+1
almazbei
2017-09-26 15:53:07
Эртен шайлоо откондон кийин коробуз , кай жерге эмне кылганынарды !?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан