Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.
Орусиядан келген эксперт Семен Уралов ЕАЭБдеги Кыргыз мамлекетинин мүмкүнчүлүктөрүн Германия, Беларусь өңдүү өлкөлөр пайдаланып жатканын айтат. "Бул өлкөлөр ЕАЭБде мүчө эмес, бирок алардан алынып келген товарлардын суммасы Кыргыздагыга салыштырмалуу эселеп жогору. Бул силердин акчаңар. Кыргыз мамлекети Орусиянын аймактарына соода үйлөрүн ачуу керек, керек болсо Орусия рыногу үчүн атайын бренддерди жасоо керек. Мисалы, шире чыгарса "күнөстүү жердин мөмөсүнөн даярдалган" деген өңдүү маанайда. Эгерде Кыргыз мамлекети өзүндө товар өндүрүп чыгарбаса, башкаларга чийки зат даярдап берип жүрө берет", - деди Уралов.
Конференция уланууда.
Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.