Бүгүн, 27-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүздү. Өлкө башчы бул жолугушууга чоң маани берерин айтты. “Бул сүйлөшүү эки тараптуу өнүгүү маселелерин камтыйт. Ошондой эле жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгына туш келип жаткандыгы кубандырат. Биз дайым бирге чечим кабыл алууга даярбыз”,- деди Атамбаев. Ошондой эле өлкө башчы Тажикстанда жакшылык болсо кубанып, жамандык болсо кайгырарын билдирди. “Тар чөйрөдөгү жолугушууда Эмомали Шарипович менен маанилүү маселелерди талкуулап, аларды чечүүнүн бир жолун таптык. Мен биздин унаа байланышы, суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгыбыз өнүгөт деп ойлойм”,- деди өлкө башчы.
Айта кетсек, тажик президенти бүгүн расмий иш сапары менен Бишкекке келди.