Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.
Жыйында экономист Жумакадыр Акенеев: "Кыргыз Республикасынын ЕАЭБдеги төрагалыгы ийгиликтүү өттү. Көптөгөн маселелерди Кыргыздын пайдасына чечүүгө жетиштик. Мисалы, Бирдиктүү бажы кодекси 2017-жылдын 1-июнунда күчүнө кирмек. Кыргыз тараптын сунушу менен 2018-жылдын 1-январына жылдырылды. Ошондой эле айрым жыйындар өлкө борбору Бишкекте эле эмес, Ысык-Көлдө өттү. Бул ЕАЭБдин жогорку жетекчилигине Кыргыз мамлекетинин туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө шарт түздү", - деп билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.