Миграция кызматынын өкүлү: "Орусияда эмгек келишими бүткөн мигранттар боюнча сүйлөшүү уланууда"

Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.

Мамлекеттик миграция кызматынын Эмгек миграциясы департаментинин башчысы Улан Шамшиев:

"Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргенден кийин ЕАЭБдеги өлкөлөрдө иштеген Кыргыз жарандарына жеңилдиктер каралган. Мисалы, мигранттар медициналык жана пенсиялык камсыздандырууга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Балдарын мектепке чейинки билим берүүгө укуктуу. Ошол эле учурда кемчиликтер дагы бар. Учурда мигранттардын эмгек келишиминин мөөнөтү бүтсө 15 күндүн ичинде келишимдин мөөнөтүн узартуусу же өлкөдөн чыгып кетиши керек. Сүйлөшүүлөр жүрүүдө, 15 күн деген мөөнөттү узартканы жатабыз", - деп билдирди.

Шамшиевдин маалыматы боюнча, учурда Орусияда 600 миңдей, Казакстанда 50 миңдей Кыргыз жараны бар. Орусиянын "кара тизмесиндеги" жарандардын саны 100 миңден ашык.

Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
cher2
2017-09-26 13:30:16
Октябрдан баштап Москвада регистрация жасалбайт экен деген маалыматты да тактап бериниздерчи СУПЕР сиздерде сураныч. ...!!!
+5
jazgul.kg.ru
2017-09-26 14:20:32
cher2, ошентип жатышатго. Админ бул тууралу так маалматты кантип билууго болот?
0
admin_superstan
2017-09-26 14:54:41
cher2, jazgul.kg.ru, Myrzashka95, саламатсыздарбы! Өтүнүчүңүздөр тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
jalguzum
2017-09-26 13:47:41
Москвада мектепке чейинки балдарды кантип садикке киргизсе болот?
0
Myrzashka95
2017-09-26 14:44:07
Октябрдан баштап Россияга мигранттарды гости катары киргизет регистрация жазалбайт деген маалыматтарды тактап бериниздерчи
+1
Jazgul88
2017-09-26 17:07:59
Москвада 1жылдык регистрацияны 2-жылга продление кылабы,и ал базадан чыгып таза болобу?билгендер жооп берип койгулачы
0
tursunbaev78
2017-09-26 20:56:08
Jazgul88,продление кылат,Перова метродо официально 89684043607 ушул байланыш номери
0
barsa86
2017-09-26 21:56:42
tursunbaev78,салам точно фмс чыгабы болсо барып жасатайын
0
tursunbaev78
2017-09-28 02:12:45
barsa86,100 пайыз кечээ менттерге түштүм,базадан чыкты
0
papanstan
2017-09-26 22:10:04
Jazgul88,продление кылбагыла, мен продление кылып базадан чыкпай ишим сотко отуп соттолуп чыктым зорго кутулуп булар таза дей берет таза болбойт экен кичине акчаны аябай казакстанга кирип чыга койгула лучще
0
tursunbaev78
2017-09-28 02:10:48
papanstan,сен Кыргыздарга жасатсаң керекда,потвержденияны талап кылбайсыңбы,булар Орустар,Кыргыздардын көпчүлүгү ушуларга жасатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан