Баткен: Кадамжайда элдин үрөйүн учуруп жаткан адам дале кармала элек

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Кичи-Айдаркен айылында элдин үрөйүн учуруп жаткан адам кармала элек. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова 26-сентябрда SUPER.KG'ге билдирди.

Анын ким экендиги аныкталып, 19-сентябрдан бери милиция кызматкерлери, айыл тургундары жана жакындары айылга жакын жерлерден издеп жатышат. Ал Баткен районундагы Таян деген айылдын 1972-жылы туулган Абдималик Сабиров аттуу тургуну. Сабиров психикалык жактан жабыркагандыктан 2017-жылдын 14-июлунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.

Маалым болгондой, ал 9-сентябрда Кичи-Айдаркен айылына келип саат 22:15 чамасында бир аялды себепсиз уруп качып кеткен. 10-сентябрда да аталган айылдагы үйлөрдүн бирине кирип келип, ошол үйдө жашаган аялды муунтууга аракет кылган. Айыл тургундары ал курсагы ачканда гана айылга түшүп келип тамак издөөгө аракет кылып жатканын болжолдошууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Batma08
2017-09-26 14:37:37
Тооба
+6
janat.kg
2017-09-26 14:42:00
Киного бул жагы
+11
haydarkan
2017-09-26 17:24:25
janat.kg, Айтпа кинодон да отту бул жагы. Малик акени кармай албай каллыкко уже конуп да калдыкко. ошону элге айтып жеткире албадымгоо туну менен фонариктерин жандырып издешет жарыкты корсо любой дурак качатта. Анан да урматту админ Айдаркен айыл эмес шаар деген статусту алганына 5 жылдын жузу болду Маалыматты тактап анан жазсанар айыл деген менен шаар дегендин айырмасы тоок м.н короздой
+10
zhykyo
2017-09-26 15:31:29
Сабап жатканда аялды мужиги уйундо жокко ээ
+6
tima01
2017-09-26 15:33:25
Базар жок
+3
Tyty1990
2017-09-26 16:14:34
Кудай сактасын
+3
aman0296
2017-09-26 16:17:10
Шумдугун кургур
+4
Totyua.71.
2017-09-26 16:38:09
Эртереек Таппаса дагы канча адамды шорлотот?
+7
Kaninaiman
2017-09-26 17:21:08
Ал босогону карайт эркек кишинин бут кийими жок уйго кирет,менин оюм
+4
33SUUN
2017-09-26 22:14:09
Эртерээк таап дарылатыш керек.Олтуро атып салбагыла дагы.
+1
Jyrgal_msk
2017-09-27 00:53:49
Жинди болсо уже табат эле,жинди эмес окшойт.Бир китептен окудум эле,ошондой болуп бироодон оч алуу учун жашырынып жургон жокбу?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан