Ошто биометрикалык маалыматтар эмне үчүн Жээнбековдун шайлоо штабында чогултулуп жатканын Мамкаттоо кызматы териштирип жатат

Ош шаарында биометрикалык маалыматтар президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында чогултулуп жатканы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы ич ара териштирүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

"Бул маалымат чыккандан кийин териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул жерде мыйзам бузуу бар же жок экенин юристтер да карап чыгышы керек. Негизи биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жабдык көбүнчө адам көп келген жерлерге барып, ишкана, мекемелерге деле көчүп иштей берет. Учурда жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу кандай себептер менен штабга барып, ал жерде жүргүзүлүп жатканы такталууда. Чукул арада териштирүүнүн жыйынтыгын, себептерин жарыялайбыз", - дешти мекемеден.

Ал эми КСДПнын башкы штабына кайрылганыбызда, жыйын болуп жатканын жүйө кылып, бул боюнча билдирүү бере элек.

Эске сала кетсек, бүгүн, 26-сентябрь күнү Ош шаарында биометрикалык маалыматтар талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында чогултулуп жатканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Abdyrashit.Satylganov
2017-09-26 16:02:49
Башталды
+8
Farm94
2017-09-26 16:04:45
Негизи шайлоо откорбой эле жэээнбековду отургузуп койбоптур ошончо каражат кетирбей спектакль кылышпай
+17
Lintel
2017-09-26 16:18:42
майдан бери чогултап эле жатышат. себеби жээнбековго кобурок голос алыш учун боиданный керек деп.
+9
kechirmeni
2017-09-26 16:30:31
Ушу шайлоо эртерээк жана тынч отсо экен
+3
KGstan1981
2017-09-26 16:36:41
Атка минерлер шайлоого убакыт кетирип,акча сарптап эмне кыласынар.Андан коро автоматтуу турдо эле Жээнбековту шайлап коюнуздар.((((
+4
Adil706070
2017-09-26 16:45:07
Жээнбековго карата мыйзам иштебейт,башка талапкерлерге келгенде эле мыйзамга баш ийген болуп чыга келишет.
Бул шайлоо таза отпойт бийлик болбогон шоуну уюштуруп эл аралап журушот.чынында компьютер аркылуу Сарпашев тууралап анан откоруп берип кеткен болуш керек эбак эле
+7
sirenaaaaa
2017-09-26 17:24:28
Игровой автоматтарга окшотуп ичинде электронный аппаратты тууралап коюшкан эчак эле. Коз коруноо Бабановду каралап, Жээнбековду эл колдоду кылып отургузушат. Аша деген неме Путиндей болуп премьер болом деп жатат го чамасы
+4
SHERBOLAT
2017-09-26 17:31:04
Адахан штабынан тапканда эбак эле камап салмак.чын шайлоо болбошуна такыр козум жетпейт
+7
bakulya2015
2017-09-26 18:48:40
Шайлоо кылбай эле койгула жалганчылар Сооронбай шайланып бутконго азыркы бийлик элди алдап уйрондуда. Акчаны эле чачкандары калатта.
-1
magnat1013
2017-09-27 01:17:31
Жээнбековдун суротун эмес атын укканда эле конул айлана турган болуп калды озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан