“Мамлекеттик чек арадагы делимитация жана демаркация маселелери чоң мааниге ээ”,- деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-майда Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттеринин Координациялык кеңешинин жыйынында. Өлкө жетекчиси ошондой эле буларга токтолду: “Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жана Бажы кызматынын жетекчилери да өз ара кызматташуусу керек. Чек арадагы демаркация жана делимитация маселелери боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин жогорулатуу да зарыл. Бизде принципиалдуу каршылыктар болбогондуктан, бул маселелер чечилет деп ойлойм”,- деди Атамбаев. Айта кетсек, жыйынга президент Эмомали Рахмон баштаган Тажикстандын өкүлдөрү да катышууда.