Сариевдин маалымат катчысы "Темир Сариевдин штабынан 7 адам кетти" деген маалымат жалган экенин билдирди

"Президенттикке талапкер Темир Сариевдин штабынан Эльмира Ибраимова менен кошо 7 адам чыгып кетти деген маалымат жалган", - деп билдирди Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова 26-сентябрда өзүнүн интернет баракчасы аркылуу. Ибраимова менен кошо кеткен адамдар штабда иштебегенин, алар буга чейин өз каалоолору менен Сариевди колдоп келишкенин айтат. Штабда иштегендер мурункудай эле ишти улантып жатышканын белгиледи.

Ахмедова ошондой эле Темир Сариев президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууну сунуштап, президент баш тартты деген маалымат да чындыкка коошпой турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
voennyi88
2017-09-26 21:52:33
Киминердин ким экенин билип жатыпсынар да.
+1
modem4999
2017-09-26 22:55:38
Сариев зато эркекче журот.
-2
almazbei
2017-09-27 00:29:43
Азыркы, мурунку у,бактылу бийлик баарын бир горсунор ,биригне да ишенбейм !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан