Кечээ, 26-сентябрда Борбордук Азиядагы Америка университетинде Борбордук Азиядагы мигранттардын жашоосун чагылдырган сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, эл аралык миграция уюму ушул жылдын жазында "Мигранттар - Борбордук Азиянын көрүнбөгөн күчү" аталышындагы долбоорду баштап, сүрөттөргө сынак жарыялаган. Ага Кыргыз өлкөсү, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандан кесипкөй сүрөтчүлөр, фотографтар жана студенттер катышкан. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр деп "Студенттер" номинациясында кыргыз студенттери Алмазбек Дүйшөбаев жана Рахат Сагынбек кызы табылган. Ал эми профессионалдуу сүрөтчүлөрдүн ичинен өзбекстандык Эльёр Нематов, Диана Миндубаева жана тажикстандык Дидор Садуллоев жеңүүчү аталган. Көргөзмөгө аты аталгандардын эмгектери коюлду.
Жеңүүчүлөрдүн бири Алмазбек Дүйшөбаевди кепке тартканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Миграция Кыргыз мамлекетиндеги курч маселелердин бири болгондуктан бул сынакка катыштым. Миграция агымы өлкөбүздө 20 жылдан ашуун убакыттан бери токтобой келет. Мен тарткан сүрөттөрүм менен бул агымды токтотууга салым кошкум келди. Чет элдиктер биздин элибизди башка жагынан эмес, кара жумушчулар катары таанышат. Мигранттардын арасында жогорку билимдүү, көп тил билген адамдар бар экенин көпчүлүк биле беришпейт. Мен сүрөттөрүмдү бир жыл мурда Москвага барганда тарткам".
Иш-чарага келген конокторго видео көрсөтүлүп, анда жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрүндөгү каармандар башынан өткөн окуяларын, бөтөн жерде кандай жашоо өткөрүп жатканын жана эмне жөнүндө кыялданарын сүрөттөрдүн коштоосунда айтып беришти.
Бул көргөзмө буга чейин Казакстанда өткөрүлгөн. Мындан ары Борбордук Азиядагы башка өлкөлөрдө ачылары пландалууда.