Рак илдетине кабылып, 5 жолу операция жасаткан Дилбар Асанакун кызы башындагы шишигин алдыруу үчүн чет өлкөгө жиберилет. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда бейтап өзү SUPER.KG'ге билдирди.
"Жакында чет өлкөгө башымдагы шишикти алдыруу үчүн жөнөп жатам. Бишкектеги дарыгерлер операцияны көтөрө албайсың дешкен. Ошондуктан шишикти нур менен күйгүзүү жолу аркылуу жок кылууга чет өлкөгө жөнөтүп жатышат. Менин ден соолугума кам көрүп жаткан арабиялык фонд чыгымдарды каржылап жатат. Ошентсе дагы азыр мага акча керек болууда. Азырынча Орусияга же Түркияга баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Арабиялык фонддун өкүлдөрү чет өлкөгө чыгуу үчүн жалпы жарандык паспортумду жасатып жатышат. Эгерде чет өлкөгө кетсем 2-класстагы балам менен 2,5 жарым жаштагы уулумду кимдин кароосуна калтырарымды билбей жатам. Учурда күн сайын абалым оорлошуп, денем шалдырап, жаным жер тартып турат. Өз алдымча басып балдарымды кийиндирип, тамак берип бирин мектепке, бирин бала бакчага жиберүүгө күчүм жетпей калып жатат. Абалым оор", - деп билдирди Асанакун кызы.
Эске салсак, каарманыбыздын багып алган ата-энеси каза болуп калган. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз. Буга чейин оор абалга кептелип бейтапканада жатканда айрым адамдар телефон чалып, "Өлөрүңдү билип калсаң мага чал, мен балдарыңды багып алайын" дегендер болгонун айткан.