Чехиялык "Liglass Trading" компаниясы Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдин бузулушу боюнча Бириккен улуттар уюмунун атайын комиссиясына жана эл аралык арбитраждык сотко кайрылганы жатат. Бул тууралуу аталган компания өзүнүн жеке сайтында билдирүү жарыялады.
"Кыргыз өкмөтүнүн "Liglass Trading" компаниясы менен инвестициялык келишимди бир тараптуу жокко чыгаруусу чындыкка дал келбейт. Мындай маалымат өлкөнүн президентин, Жогорку Кеңешти жана коомчулукту жаңылыш ойлорго алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз мыйзамдарына ылайык, “Liglass Trading” компаниясы мамлекеттер ортосундагы инвестициялык талаштарды конвенциянын негизинде инвестициялык талаштарды чечүүчү эл аралык борборго кайрыла алат. Мындан тышкары компания эл аралык арбитраждык трибуналга (коммерциялык сот) кайрылууга укуктуу", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, быйыл 10-июлда өлкөгө ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес.
Келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.
18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.