Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматкерине берилген батирдин чыры боюнча иликтөө жүргүзөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинин кызматкери Назим Муканбетовдун апасы Чолпон Турдахунованын "балама берилген батирди кайра алып коюшту" деген даттануусу боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда SUPER.KG`ге ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкекте 162 батирлүү үй курулган. Анын ичинен 100дөн ашуун батир өрт өчүрүүчүлөргө берилген. Бул үйдү ӨКМ ар бир кызматкерге өзү берген эмес. Аны министрлик бөлүмдөргө берген алар өздөрү чечишкен. Назим Муканбетов аттуу кызматкер 2012-жылдан бери Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинде иштеп баштаптыр. Негизи бул тармакта 35-40 жылдан бери эмгектенген адамдар бар. Жакынкы аралыкта үй талашкан маселе боюнча комиссия менен биргеликте иликтөө иштери жүргүзүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматынан Абдишарип Бекилов.

Эске салсак, буга чейин Назим Муканбетовдун апасы "ӨКМ балама берилген батирди кайра алып койду" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан