Коомдук фонд депутаттарды шайлоодо өз ишин аткарбай, үгүт иштерине чуркап жүргөнүн сындады

"Жарандык платформа" коомдук фонду Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоо алдындагы штабдарга катышуусун сынга алды.

Уюм өзүнүн билдирүүсүндө депутаттарды түздөн-түз мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен алектенүүгө жана президенттикке талапкер айрым депутаттарды колдоодо үгүт үчүн мамлекеттик ресурстарды колдонбоого чакырууда.

Коомдук фонд "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндөгү" мыйзамына таянып, парламент депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү экенин эскертет:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктарды ак ниеттүү аткарууга;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышууга Жогорку Кеңештин Регламенти аныктаган учурда жана тартипте добуш берүү укугун өткөрүп берген учурларды жана жүйөлүү себептерди кошпогондо өзү мүчө болуп эсептелген фракция, комитет жана убактылуу комиссия тарабынан каралып жаткан маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга милдеттүү.

"Бирок Жогорку Кеңештин акыркы жыйналышы боюнча төмөнкү тыянакты чыгарса болот: жыйналыш толук эмес курамда өткөрүлүп жатат жана депутаттар эл тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерин абийирсиздик менен аткарышууда. Жогорку Кеңештеги азыркы учурда жаралып жаткан кырдаал, депутаттардын жыйындарга катышпоосу Жогорку Кеңештин бардык ишине терс таасирин тийгизери жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин солгундатары жөнүндө айтып турат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан