Борбордук шайлоо комиссиясына “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” тарабынан талапкер Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн үч арыз түштү. Бул тууралуу БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Арстанбек Туржанов билдирди.
“Бул үч арыздын биринчиси Патрулдук милицияга байланыштуу болчу. Анда унааларга үгүт материалдарын илип, милициялар коштоп жүргөнү айтылган. Бирок бул такталган жок.
Экинчи арыз Өзгөн районундагы мектеп боюнча. Ал жерде жаш балдар мектеп столдорун көтөрүп, жолугушуу болгон жерге ташыган деп айтылган. Бирок бул боюнча да жетиштүү далилдер табылган жок.
Үчүнчүсү "аймактык шайлоо комиссиясынын имаратына талапкер Жээнбековдун шайлоо штабы ачылган" деген арыз болчу. Бирок бул да далилденген жок”, - деди Туржанов.
Ал бул арыздар БШКнын кароосуна жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” өкүлү Улан Дастан уулу бул маалыматтарды тактап, БШКнын жалпы чечимин күтүп жатканын айтты. “Биз жумушчу топтун чечимдерин ала элекпиз. Эми БШК отурумда караса, анын чечимдерин бергенден кийин таанышып талкуулап чыгышыбыз керек. Эгер БШК биздин арыздарыбыздын негизиндеги чечими боюнча макул болбосок, сотко кайрылганга укугубуз бар. Эгер жумушчу топ ачык айкын карап чыкты десек, балким, ошол чечимди кабыл алабыз. Биз да бул боюнча коллегиалдуу отуруп карашыбыз керек”, - деди Улан Дастан уулу.