Жогорку Кеңеште депутаттар шайлоо боюнча маселени кароону же калтырууну чечише албай кайым айтышты

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеште президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуу боюнча маселе каралды. Депутаттар маселени чечише албай бир топко чейин кайым айтышуу уланды.

КСДП партиясынан депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин микрафонун үгүт иштерине пайдаланбоого чакырды.

"Биз микрафонду ресурс катары колдонбойлу. Дагы ондогон талапкерлер бар. Алардын Жогорку Кеңештин ичинде фракциясы жок. Президенттик шайлоого даярдыкты үгүткө чейин караш керек эле. Мыйзамды бузбашыбыз керек. Учурда үгүт иштери жүрүп жатат", - деди Зулпукаров.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов ага жооп кылып, маанилүү маселени Жогорку Кеңеш сөзсүз карашы керек экенин айтты.

"Кыргыз жериндеги эң маанилүү маселе таза жана ачык шайлоо өткөрүү. Андан башка өлкөнүн маанилүү маселеси жок. Парламент өкмөттүн ушул маселесин угуп коюуну кантип карай албайт. Бизден башка кайсы орган маселени карай алат. Ошондуктан бүгүн биз жоопкерчиликтен качпай, суроолорду берип маалыматты угалы. Карабай эле коёлу деген кантип болсун", - деди Шыкмаматов.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев шайлоо маселесине жооптуу кызматкерлер келбегенин айтты.

"Тапшырма бериңиз залдан чыгып кеткен өкмөттүн мүчөлөрүнө чара көрүлсүн. Сиздин ушундай укугуңуз бар. Экинчи маселе БШКнын толук курамы чакырылган. Башкы прокуратура, ички иштер министри чакырылган. Күч түзүмдөрү каякта же шайлоого ушундай карайбызбы, кээ бирлер "Ак Жолдун" кейпин киейин деп калды. Эгерде сиз бүгүнкүдөй принципти кармансаңыз Жогорку Кеңештин аброю кайра келет", - деди Жээнчороев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан