Жогорку Кеңеште вице-премьер жыйындар залынан чыгып кеткен өкмөт мүчөлөрү үчүн төрагадан кечирим сурады

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеште президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угууну күн тартибине киргизген. Бирок чек ара маселеси жабык эшик артында каралгандан кийин добуш берүү процесси болуп жаткан учурда залдан чыгып бара жаткан өкмөттүн өкүлдөрү депутаттардын нааразычылыгын жаратып, төрага Чыныбай Турсунбеков аларга карата бир топ сын айткан. Шайлоого байланыштуу маселени кароо үчүн жыйынга келбеген өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине нааразы болгон депутаттар да арбын болду.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко: "Парламентти эл шайлайт жана биздин көз карашыбызды күтөт. Бул жердеги кайым айтышуулар абалды өзгөртпөйт. Президенттик шайлоо боюнча маселени көңүл сыртына калтыруу туура болбойт. Процесс жүрүп жатат, мыйзам бузуулар болуп жатат. Бардык шайлоого байланыштуу кызматкерлерди чакыралы", - деп сунуштады.

Ал эми вице-премьер-министр Темир Жумакадыров шайлоо боюнча маалыматты берүүгө даяр экенин айтып, төрагадан кечирим сурады.

"Туруп кетип бара жаткан кесиптештер кийинки маселелерге тиешеси жок. Кийинки маселеге тиешелүү өкмөт мүчөлөрү калат. Эгер биз тараптан кемчилик кетсе кечирим сурайм", - деди Жумакадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан