Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттик шайлоо маселеси каралууда.
Анын жүрүшүндө президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарылган Исхак Масалиев ("Өнүгүү-Прогресс") Борбордук шайлоо комиссиясы күрөөгө коюлган бир миллион сомун качан ага кайтарып бере турганын сурады.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттикке талапкерлердин катарынан чыгарылгандардын күрөөлөрү кайтарыларын жана кайтаруу күнү боюнча чечим бүгүн кабыл алынарын билдирди.
Айта кетсек, Исхак Масалиев кол топтоодо каржылык эреже бузганы үчүн талапкерлердин тизмесинен чыгарылган.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.