Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеште президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуу боюнча маселе каралды. Өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутат Мурадыл Мадеминов (КСДП) шайлоодо мыйзам бузуу аракеттери жүрүп жатканын айтты.
"Биз таза шайлоого 26 жылда жеттик. Мына 2015-жылы таза шайлоо үчүн чоң иштер жасалды. Азыр административдик ресурс деп айтып жатабыз. Административдик ресурс колдонулганда бул жерде КСДПнын 65 депутаты отурмак. Азыр добуш сатып алууларга аракет жүрүп жатат. УКМК, силер иштейсиңерби? Үгүтчүлөр баары жөнөкөй кишилер. Массалык акча таратуулар болуп жатат. Азыр 7 миң сомго чыкты. Бул мыйзам бузуу гана эмес, чоң күнөө жасагандык", - деди депутат.