"Президенттикке талапкер фракция лидери кызматын тапшырышы керек болчу", - деди бүгүн, 28-сентябрда парламент жыйынында КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков.
Депутат Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековадан фракция лидери кызмат адамы болуп эсептелеби же жокпу деп сурады.
Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин депутаттары кызматтан бошотулбайт.
Момбеков депутаттарды эмес фракция лидерлерин айтып жатканын билдирди. "Фракция жетекчисинин ыйгарым укуктары бар, кызмат адамы болуп эсептелет. Көрдүңүзбү, алар өздөрүнүн кызматын жыйыштырбай туруп өкмөт башчылыктан Сооронбай Жээнбековду эрте эле кетирип жиберди. Алар өздөрүнүн кызматтык укуктарын өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат. Бүгүнкү күндөгү талкуу дагы ошолордун сунушу. Фракция жетекчиси кол коюп жатат. Жөнөкөй депутат болсо бир жөн", - деди ал.
Депутат вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго "Таза шайлоону талкалай турган административдик ресурспу же каржылык ресурспу?" деп суроо берди.
Жумакадыров алдыда турган президенттик шайлоону өткөрүү үчүн бардык жат көрүнүштөрдү жок кылуу керектигин айтты. "Бүгүнкү күндө көйгөйлүү болгон анча-мынча шайлоочулардын баштарын айлантып, добуштарды сатып алуу", - деди вице-премьер-министр.
Момбеков таза шайлоону талкалай турган каржылык ресурс экенин белгиледи. "2010-жылкы парламенттик шайлоодо каржылык ресурс болбогондо парламентке КСДП, "Ата Мекен", "Ак шумкар" партиясы өтмөк. Эки-үч айда түзүлүп алган партиялар өтмөк эмес. Ошонун айынан түрмөдө отургандар парламентте отурду, бул чындык. Таза шайлоого Америка жеткен эмес", - деди Момбеков.