"Учурда административдик ресурс колдонулбай жатат" деген киши жалганчы. Мындай пикирин бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
"Эгер бийликтин талапкерин колдоорун айткан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаевди, Юридикалык академиянын мугалимин кызматтан алыш керек болчу. Ошондо биз унчукпай калмакпыз. Териштирүү жүргүзүп, шайлоодон кийин иштен алганыңардын кереги жок. Элде кыжырлануу өсүп жатат", - деди Акаев.
Шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы Темирбек Жумакадыров административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтар далилденбегенин айтты. "Эгер далилденсе, тиешелүү чараларды колдонобуз", - деди Жумакадыров.