Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеште президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуу боюнча маселе каралды. Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна өкмөт мүчөлөрү жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жооп берди.
Депутаттардын басымдуу бөлүгү суроолорун берип бүткөн соң залда болбогондуктан төрага Чыныбай Турсунбеков каттоону ачты. Ал 59 депутат катталганын айтып, кворум болбогондуктан жалпы жыйын маселени кароону токтотконун кошумчалап, тыныгуу жарыялады.