"Өзгөндө Жээнбековдун үгүт иштерине окуучуларды тарткан" делген чиновниктерге чара көрүү сунушталды

Бүгүн, 28-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын арызын карады.

Жыйында айтылгандай, арыз 23-сентябрда БШКга түшкөн. Ага ылайык, талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерине Ош облусунун Өзгөн районундагы мектептин окуучулары тартылып, столдорду ташыган. Ал жерге мамлекеттик кызматкерлер да катышканы айтылды. Бул боюнча арызга сүрөт, видеоматериалдар тиркелген.

"Бардык мамлекеттик мекемелерде кызматкерлер иштебей калк арасында нааразычылыктар жаралган. Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү 250 стол ошол окуу имаратынан ижарага алынганын айткан. Ал эми мектептеги эмеректерди ижарага берген Айдаркулов Кубанычбектин ким экени такталбай жаткан. 250 столду 5 миң сомго алып жатат. Бул жерде бардык далилдүү фактылар бар. Сүрөттөрдө окуучулар столдорду жүктөп жатканы, стадиондо ошол столдордун турганы, мунун баары далил. Мектептин жетекчиси, билим берүү боюнча райондук бөлүмүнүн жетекчилиги, Жээнбековдун штабына туура эмес маалымат берген прокурор жаза алышы керек. Жетиштүү фактылар турат”, - деди БШКнын мүчөсү Назарали Арипов.

Учурда талкуу уланууда. Буга чейин БШКнын жумушчу тобу бул арызды карап чыгып, канааттандыруусуз калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан