БШК талапкер Жээнбеков боюнча түшкөн арызды канааттандырган жок

Бүгүн, 28-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын арызын карады.

Жыйында айтылгандай, арыз 23-сентябрда БШКга түшкөн. Ага ылайык, талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерине Өзгөн районунда Ленин атындагы мектебинин окуучулары тартылып, столдорду ташыган. Ал жерге мамлекеттик кызматкерлер да катышканы айтылды. Бул боюнча арызга сүрөт, видеоматериалдар тиркелген.

“Биздин жумушчу тобубуздун сунушу менен Билим берүү министрлигине кайрылып, мындай абал мындан ары кайталанбашы керек деп эскертүүбүз зарыл. Биз бул окуяны четке кагып, ошол эле учурда мындай окуя башка кайталанбасын деп жатабыз. Ушундай окуя болгон жок десек туура болбойт”, - деди БШКнын мүчөсү Назарали Арипов.

Талкуунун жыйынтыгында БШК мүчөлөрү арызды карап чыгып, редакциялык оңдоолор менен арызды канааттандыруусуз калтыруу чечимин кабыл алды.

Буга чейин БШКнын жумушчу тобу бул арызды карап чыгып, канааттандыруусуз калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Begmat1992
2017-09-28 19:17:39
Албетте канатандырбайтда себеби ал сдыпыкагын адамы
+7
Almaz75
2017-09-28 19:20:19
Бийликтин адамын БШК шайлоо өткүчө коргойт,эч качан канаатандырбайт.
+7
Kubat.karagulov
2017-09-28 19:27:04
Кимдин кимдин заманы Сооронбайдын заманы.Бийликтин эрке баласы болуп турса ким мышыгын "пышш" дей алат экен Сокенин
+7
Nazar76
2017-09-28 19:38:18
Сдпк нын заманы шайылдабекова алардын адамы ушулар тойгозду
+3
Aiel
2017-09-28 20:00:27
Бизде деле келгенде жетекчилер иштеринерди таштап баарын чогулушка баргыла деп баардык жумушчуларды чогултуп алып барышты. Убагында акылыбызга келбептир ошону шайлайсынар деп чогулуш кылганында видеого тартып алмакпыз.
+6
SHERBOLAT
2017-09-28 20:32:34
Туу-ата акыйкат кайда
+5
Best.bakyt
2017-09-28 20:40:26
Мына бизде бийликте журумуш болгон дордун денгээли. Жогору жак айтты болду баш оту менен куйрук ######, болгон акмакчылыкка барат. Эртенки кун кандай болот, мамоекетти кимдин колуна тапшырганы атабыз, иштей алабы ушул деген ой жок. Кунумдук ит жуммушуна карап, кунумдук акчага курсагы тойгонуна карап журушот суйролуп. Мына биздин денгээл, мына акмакчылыктын жеткен чеги.
+4
Tolkun555
2017-09-28 20:45:34
Кичине ыйманыңарды сактасаңар боло.өзүңөргө өзүңөр ишенесиңерби?кичине болсо уят барбы.
+3
Beckhemqwerty
2017-09-28 21:22:04
Отуруп алып ар нерсени жаза бербей ошол уровеньге жеткилечи Жээнбеков отличие от других кондидатов заслуживает многое
-8
heaven2016
2017-09-29 00:16:21
Beckhemqwerty,ХХХХ болбо
+1
Kubat.karagulov
2017-09-29 07:46:50
heaven2016,жөн кой ХХХХ берсин
0
Best.bakyt
2017-09-29 04:14:35
Beckhemqwerty,Сага окшогон подхалимдердин айынан мамлекет жыргабай атат да.
0
Otuz-Uul
2017-09-28 23:34:37
Шайлооо бут баарын жайлоо...Ээээх качан кирбесен,каяктан кирбесен,[moderated]у деле,инстасы деле,фейсбугу деле полный.!Жеенбеков антип койуптур,Бабанов тигинтип койуптур.......Деги койчу кайсы бирин айталы,шайлоо буткучо элдин башын айландырып бутосунорго.Эл озу чечетда кимге добуш берерин!!!Ушул шайлоонун аягы бироосу бироону жайлоо менен бутор бекен? Кыргыздардын башы айланып калды,еенбековту шайлайвн деп атса эле бирдемесин чукуп чыга калышат,Бабановту шайлайын десе эле аныкын чукуп чыга калы
+1
heaven2016
2017-09-29 00:16:35
Ээх
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан