БШК "Патрулдук милиция Жээнбековдун үгүт ишине көмөктөштү" деген арызды карады

Бүгүн, 28-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн түшкөн “Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын экинчи арызы каралды.

Ага ылайык, жүрүшкө чыккан унааларга Жээнбековго үгүттөгөн материалдар илинип, Патрулдук милиция коштоп жүргөн.

Талкуунун жүрүшүндө окуя кандай болгону тууралуу өзүнүн версиясын Жээнбековдун БШКдагы өкүлү Рашид Бекбасаров билдирди. Анын айтымында, Патрулдук милиция кызматкерлери Жээнбековдун үгүт жүрүшүн эмес Баткен жана Ооган согушунун ардагерлери уюштурган жүрүштү коштоп жүргөнүн, болгону талапкердин аты жазылган желекти көтөрүп алышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова аталган маселени тактап алуу үчүн Жээнбековдун өкүлүнө "окуя чынында кандай болгон?" деген суроо узатты.

Ага жооп кылып Жээнбековдун өкүлү: “Бул аябай чоң иш-чара болгон. Ардагерлер жолдо кыйкырып же Жээнбековго үгүттөгөн эмес. Алар болгону өздөрүнүн каржылык маселесин чечүү менен бирге партиядан жардам алып ордуна мына ушул үгүт материалын толуктаган "Сооронбай Жээнбеков" деп жазылган желекти көтөрүп жүрүшкөн”, - деди Бекбасаров.

Ошондой эле ал Патрулдук милиция кызматкери мэрия тарабынан эки коомдун тынчтык жүрүшүн коштоп жүрүү үчүн чакырылганын баса белгиледи.

Талкуунун соңунда БШКнын мүчөлөрү арызды канааттандырган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
marselkalmurzaevkg
2017-09-28 19:56:42
БШКканы полный жоок кылыш керек ал жерде отургандардын баары женбековдун адамдары кантип анан канаттандырсын
+9
SHERBOLAT
2017-09-28 20:30:24
Карга карганын козун чукучубеле
+10
Best.bakyt
2017-09-28 20:34:15
Жон эле Жээнбековтун суроту тартылган желекти которуп журушкон дейт. Бул эмне кичинекей балага айткансыган соз.
+10
Soni130587
2017-09-28 20:36:07
Туура кылыптыр ким арызданса эле карай береби.
-8
Azatbek83
2017-09-28 20:43:10
Баары сатылгандар бул турушта онугуш кыйын БШКнын баарын алмаштырыш керек.Жээнбековдон башкасы болгондо башкача чара корушмок!
+4
abdillaevna-96
2017-09-28 21:05:57
Албетте Жээнбековго жазылган арыздар канааттандырылбайт
+4
bakulya2015
2017-09-28 22:27:04
Бари бир Жээнбеков таза чыга берет. Баары ошонун колунда иштейт. Эгер азыртан элге кызмат кылса элди ойлосо бул киши банерлерине жумшаган акчасын жакшылыктарга жумшаса болмокта анын суротту эмес шайлоодо иштеген иши аты жону эле керек ошондо да добуш берип коё беребизба. Ырчыларына эмне бар акча копта не болсода эчким барбайт буларды коргону эмес ырчылар коргону барат баары.
+4
nurik838383
2017-09-29 10:24:16
Арзымат БШК экенсинер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан