АКШда америкалык үй-бүлөлөр багып алган кыргыз балдарына арналган фестиваль болду

25-26-май күндөрү АКШнын борбору Вашингтон шаарында “Кыргыз балдарынын келечеги” фонду тарабынан уюштурулган “Кыргыз мурасы” аттуу фестиваль болуп өттү. Фестиваль алдына америкалык үй-бүлөлөр багып алган кыргыз балдарына өз элинин маданиятын, каада-салтын, музыкасын тааныштыруу же эске салуу максатын койгон. Иш-чарага Кыргызстандан бала асырап алган көптөгөн америкалык үй-бүлөлөр келишти. Фестивалдын алкагында кыргыз элинин тарыхы жана тили, “Манас” эпосу, улуттук оюндары, фольклордук музыкасы жана кийиз буюмдары жөнүндө атайын адис маалымат берип, америкалык үй-бүлөлөр кыргыз маданияты менен тааныша алышты. Маалыматка ылайык, аталган иш-чараны мындан ары да жыл сайын өткөрүп туруу пландалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан