Өлкө аймагында акыркы 6 жыл ичинде рак илдетине кабылгандардын саны эки эсеге өстү

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте рак ооруларын көзөмөлдөө боюнча Европалык онкология мектебинин серепчилеринин катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мырзалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, улуттук онкология борборунун жетекчилери катышты.

Талкуунун жүрүшүндө өлкө аймагында онкологиялык оорулардын көбөйүп жатканы, алардын ичинен өлүмгө дуушар кылган эмчек безинин рагы басымдуу болуп жатканы айтылды.

2010-жылга салыштырмалуу дартка кабылуунун өсүүсү 2 эсеге жогорулаган. Тактап айтканда, 2010-жылы 1732 адам дартка чалдыккан. Ал эми 2016-жылы ооруга кабылгандардын саны 3240ка жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pandora
2017-09-29 11:13:52
Кудай ээй илим,билим онкккон сайын не деген гана оорулардын туру кобойуп баратат? Кудай сактасын
0
aydarken
2017-09-29 12:14:52
Рак озу эмнеден пайда болот алдын алса болобу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан