Динара Ошурахунова: "Шайлоочулар өз укуктарын толук билбей жатышат"

Элге президенттикке талапкерлердин программалары менен таанышып чыгууга 1 айлык мөөнөт аз. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

"Бир айлык мөөнөт аз, эл талапкерлердин программалары менен таанышып чыгып кызыктырган суроолоруна жооп ала алышпайт. Талапкерлердин плакаттарында, роликтерде "шайлоочу өз алдынча добуш бериши керек" деген чакырыктар айтылып жатат. Шайлоочуларга жардам бериши керек. ММКлар тийиштүү маалыматтарды элге жеткирүүгө милдеттүү болушу шарт. Тажрыйба көрсөтүп жатат, көп кемчилик бар. Бул маселеде Борбордук шайлоо комиссиясынын орду жогору. Шайлоочулар азыркыга чейин өз укуктарын жетиштүү билишпейт", - дейт Ошурахунова.

Тегерек столдо алдыдагы президенттик шайлоо талкууланууда. Ага айрым талапкерлер, саясатчылар, жарандык активисттер жана эксперттер катышып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан