Бүгүн, 29-сентябрда кошумча шайлоо тилкелеринен добуш берүүгө жарандардан арыз кабыл алуунун мөөнөтү бүтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттик шайлоого карата ачылган кошумча шайлоо тилкелери арыз кабыл алууну бүгүн саат 20:00дө токтотот. Бишкек шаарында кошумча 33 тилке, ал эми чет өлкөлөрдө 37 тилке ачылган.
Ошондой эле жаран шайлоочулардын тизмесиндеги өзүнүн маалыматтары тууралуу каталарды айтып арыздануу убактысы да аталган саатта токтотулат. БШК шайлоочуларды тизмеден жеке маалыматтарын текшерип алууга чакырат.