Кыргыз-Кытай чек арасы 1-октябрдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен 1-октябрдан 8-октябрга чейин "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайлары убактылуу жабылат. Бул күндөр аралыгында Кытай Элдик Республикасынын күнү белгиленет.
Көзөмөл-өткөрүүчү жайлар транспорт каражаттары үчүн 9-октябрда ачылат.