"Талапкер тарабынан шайлоо күрөөсүнө коюлган 1 миллион сом ээсине кайтарылышы керек же мамлекеттик бюджетке өткөрүлүп берилиши керек. Учурда каражат БШКнын карамагында калат. Бул учурда, албетте, БШК акчаны ээсине кайтарууга кызыкдар болбойт. Ошондуктан бул мыйзамдуу жол менен каралышы керек", - деди укук короочу Динара Ошурахунова бүгүн, 29-сентябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо.
Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова анын сунушуна жооп кылып, бул ирет катталбай калган талапкерлердин каражатын кайтаруу чечими кабыл алынганын айтты.
"БШК каттоодон баш тарткан талапкерлердин күрөө акчаларын кайтарып берүү боюнча чечим кабыл алды. Анткени талапкерлер шайлоого катышкан жок. Алар үчүн мамлекеттик бюджеттен бюллетень, эфир убактылары каралган жок. Ошондуктан каражатты кайтаруу чечимин кабыл алдык", - деди Абдрахматова.