Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: "Рак илдетинин өсүшүнө экологиянын бузулушу таасир этип жатат"

Рак илдетинин өсүшү дарыгерлерден көз каранды эмес. Бул дарт экологиянын бузулушунан көбөйүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мырзалиев билдирди.

"Өлкөбүздө экологиянын бузулушу жана радиациянын пайда болушу менен түрдүү оорулардын көбөйүшүнө шарт түзүп жатат. Кыргыз жергесинде калк көп жайгашкан Бишкек менен Ош шаарында дартка кабылгандар көп, алдынкы орунда турат. Акыркы эки жылда онкология тармагына заманбап аппараттар алып келинди. Ошол эле учурда министрлик ден соолук кербенин уюштуруп, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп текшерүүгө алып жатабыз. Биздеги көйгөй үй-бүлөлүк дарыгерлерди окутуу керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен калктын ден соолукка болгон көз карашын өзгөртүү зарыл болуп турат", - деп билдирди Мырзалиев.

Эске салсак, буга чейин акыркы 6 жыл ичинде рак илдетине кабылгандардын саны эки эсеге өскөнү айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан