Сары-Челекте изделип жаткан израилдик кыздын жансыз денеси табылды

Сары-Челек коругунда жоголгон израилдик турист Хилла Ливненин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Сары-Челек коругунун директору Эсенаалы Ормоналиев SUPER.KG`ге билдирди.

"Кечээ орусиялык кино тарта турган чыгармачыл топ Сары-Челек коругуна тасма тартуу үчүн келишкен. Алар бизге уруксат сурап кайрылган кезде биз издөө иштерине алар пайдаланган дрон менен жардам көрсөтүшүн сурандык. Себеби алардын дрону абдан күчтүү экен. Алар макул болуп бүгүн түшкө маал кыздын жансыз денесин дрондун жардамында табышты", - деди Ормоналиев.

Алдын ала маалыматтар боюнча кыз аскадан кулап каза болгондугу айтылууда. Ал алты күндөн бери дайынсыз болуп, аны издөө иштерине 77 адам тартылган болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы да бул маалыматты тастыктап, куткаруучулар кыздын жансыз денесин алып чыкканы кырсык болгон жерге кеткенин билдирди.

Эскерте кетсек, 23-сентябрда Сары-Челек коругунда Израиль мамлекетинин жараны дайынсыз жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Shaa-82
2017-09-29 15:01:36
Кыргызстанга келип каза болгонун , байкуш элиме соз тийгизип. Озу аран журсок ушуга окшогондор жетишпей атат эле.
+2
Nanei
2017-09-29 15:24:57
Shaa-82,дооруй берет экенсин да. Бизге неге соз тиймек эле. Мындайды кырсык дейт. Башка салбасын андан коро
+1
Lion.
2017-09-29 15:01:55
Эх жаман болуптур
+3
Batma08
2017-09-29 15:02:29
Жаман болуптурго тирик табылат деп ойлоп жаткамын
+10
moskoy
2017-09-29 21:59:26
Batma08,тирик эмес тируу кыргызча суйлогонду уйронолу.
+3
Azatbek83
2017-09-29 15:06:31
Аскадан куласа ал кырсык.
+9
Batma08
2017-09-29 15:07:29
Азыткы азып кеткенго аскадан куласа
+3
madina.87
2017-09-29 15:08:51
Менда азыткы азытып кеткен деп ойлодум.
Ата -энесине сабыр
+5
aerforce
2017-09-29 15:26:45
100% пайыз азыткы астырып кеткен себеби жакында эле Авлетим жайлоосунан кожогат терген уч аял каза болушкан аларды да азыткы астырган экен тортунчу тируу калган кыз айтып бериптир элдин айтуусу бойунча ал жерде ыйык жерлер коп Тоскоол ата Шыпагер ата Падыша ата Боозпу ата тегерек чекеси баары ыйык жер ал жерде жаман иш кылбаш керек илгертен айтылып келет кантседа жаман болуптур аман табылса экен деп жургом
+2
sirgak_92
2017-09-29 15:32:08
Тирик азыткы азытып деген создор????такыр тушунгон жокмун
+2
APCEH
2017-09-29 15:33:43
77 адамдан коргучо бир дрон алып алса...
+4
Tekecher
2017-09-29 15:50:45
Азыткы не ал?
+1
Rasul94
2017-09-29 21:02:46
Tekecher,ужас
0
Tynystan7799
2017-09-29 16:02:50
Дрон эмне ?кечиресиздер.
-1
madina.87
2017-09-29 16:12:37
Tynystan7799,менда тушунбой,бул жерден
сурагандан уялып инеттен чукулап таап билдим
эмне экенин.
Кичинекей камерасы бар аппарат экен.
Учат экен.
+3
Tynystan7799
2017-09-30 14:24:09
madina.87,
Рахмаат.
0
Lion.
2017-09-29 16:28:07
Tynystan7799,учуучу камера. Асмандан жерди сонун кылып тартып бере алат.
Как буркут робот.))
+1
Tynystan7799
2017-09-30 14:23:49
Lion.,рахмат ...
0
altynaiB
2017-09-29 16:44:08
Tynystan7799,азыткы бул жез кемпир сыяктуу бирок азыткы сырттагы адамдын козуно корунбойт азгырылган гана адамдын козуно ар кандай жакшы адамдарга окшоп кубулуп корунот мен ушундай тушуном ошондой окуяны уккам
+1
Isco23
2017-09-29 17:15:40
altynaiB,кыргызсынар го же оруссунарбы азыткыны билбеген,дрон не азыткы не дейт ХХХХ
-3
Asyl10
2017-09-29 17:16:23
Килейген озгочо кырдаалдар министрлиги куткаруучуларга нормальный дрон алып берсенер болбойбу, бизики деген тоолуу жер босло керек да, 77 куткаруучуну убарага салбай бир дрон менен эле таап алышты го. Уят ээ
0
moskoy
2017-09-29 22:05:28
Asyl10,Жеп жутуп майталкандап жататда министрлик.Ар бир озгочо минис трликтин жетекчилеринин олчойгон каттеждери дом работницалары бар.
+1
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-29 17:41:15
Азыткы жок нерсе шайтан бар нерсе азыткы эмес шайтан азгырат билип алгыла туугандар
0
aerforce
2017-09-29 17:41:57
бирок тан калыштуу кимисинин буту сынды эле? сынган бала жардамга кетти беле? булар бири бири менен урушп кетпедибекен биринин буту сынып бири аскадан кулап
0
jon.as
2017-09-30 04:58:29
Окунучтуу ((( ажал жетсе озунун Эл журтунда журуп деле каза тапмак. Айла жок мандайга жазганды корот экенбиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан