Бишкектин Чүй-Манас кең көчөлөрүнүн кесилишине 27 миллион сомдон ашуун каражатка оңдоодон өткөн жер өтмөктөн суу тамчылап жатат

Бишкек шаарынын Манас-Чүй кең көчөсүнүн кесилишине курулган жер өтмөктөн сарыгып аккан суу тамчылап жатат. Суу тамчылаган жерден бетондун шыбактары сыйрылып түшүүдө. Жер өтмөк ушул жылдын 11-сентябрында ачылып, кызыл тасмасы кесилген. Оңдоо иштерине 27 миллион 800 миң сом сарпталганы айтылган.

Ошол эле учурда адистер жер өтмөккө өлкө аймагынан чыгарылган кымбат баалуу гранит, сары таш материалдары колдонулганын айтышкан.

Өтмөктү оңдоп-түзөөдөгү долбоордо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандус куруу каралган. Бирок азырынча пандустун орду болгон менен кармоочу туткалары орнотулган эмес. Калаа башчысы Албек Ибраимов ачылуу аземинде жер өтмөккө түшүрүүгө ылайыкташкан электр көтөргүчтөр бар экенин, тилекке каршы, даярдоочу завод жабдууларды жеткиргенге жетишпей калганын айтып, 10-октябрга чейин орнотуу убадасын берген.

Эске салсак, курулуш жүрүп жаткан учурда өтмөктөн заарага толгон желим бөтөлкөлөр чыгарылып, жүк ташуучу КамАЗ менен жүктөп кетишкен. Мындан улам бул жолу өтмөккө жакын жерге ажаткана курулган.

Бишкекте жаңы курулган жер өтмөктөн суу тамчылап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
TRAMPAM
2017-09-29 15:48:04
27 миллион дейби. Э бул акчага мен ата энем, бир туугандарым менен бир омур жашамакмын. жеп атып алкымына тыгылбайт экен да булардын
+7
Tekecher
2017-09-29 15:48:56
Граниттери да эски мурда тарых музейинин астында тошолуп турган таман таштар!
+10
Adil706070
2017-09-29 15:58:34
Бизде технадзор деген жакшы текшербейт.Сол чонтогун кампайтып алып колду коюп берип койот.ошонун кесепетинен минтип бюджет ысырапкорчулука туш болууда
+5
almazbei
2017-09-29 15:58:42
Соз жок ?
+2
beka666
2017-09-29 16:13:50
Бир нерсени да жакшына кура алышпайт
+3
aerforce
2017-09-29 16:17:26
кудайым аай ошол жер отмоктонда жей берсенер ошол бала чаканарга элдин убалы тийет деп эч ойлобойт экенсинерда акча болуп жатып бирин жесен биргадир болуп бирин жедин анан калса товар алганын жедин акыры барып эн арзан баадагы материял алдынарда аябай кымбат жазып качан тарыхта калаар ажоо келер экен баягы Хуршовтун уйлору дегендей баягы пиезденттин уйлору кезинде кыйын саьган деп айтылчудай
+4
ma2as
2017-09-29 16:53:01
27 милиондун жарымын иштетсе деле сапаттуу салынмак , анча акчанын баарын сарптаган жок булар , башка чонтокко кирип кетти акчанын кообу .
+3
nur...nur.
2017-09-29 16:54:30
Жооркерчилик деген 0 жегенди билет
+2
Leilektik
2017-09-29 17:08:50
Онбойсунар онбогурлар
+3
almanbetperm
2017-09-29 18:03:13
Биягы кол тийди. ...... тийди болуптур да)))))))))))
+4
TRAMPAM
2017-09-29 18:43:41
Мамлекет учун иштегендер арасында кайдыгер мамиле кылгандар толуп кетти. Баарын жоопко тартыш керек. Европаны айтпа кошуна олколордон 15 жылдай артта калып кеттик.
+3
TRAMPAM
2017-09-29 18:45:49
Жол тыгыны жонундо ойлонгон киши жок. Шаар мэринин кошумча жол куруу жонундо долбоору жок, калп эле кундо ишке келет кетет. дагы 2 жылда жолго машина батпай калат.
+3
cfif03748
2017-09-29 20:01:01
27 миллионго. кеми 5 жаны жер отмок курса болотко? 1 жер отмоктун ондоп тузогонуно эле ушунча кеттиби? Бул дуйнодо болбосо да тиги жакта кантээр экенсинер?
+3
aizush
2017-09-29 21:52:54
Ремонт боло электе эле аябай суу тапчылачы эле...оңдоп-түзөдөн өтсө деле тамчылап атат.ай ай ааай.кейийсиңда анан кейийсиң...кайран мээнет,кайран убара керчилик.Тышы жалтырак-ичи калтырак болуп эк
+2
jon.as
2017-09-30 05:03:43
Ремонт болду деген аты барда. Эптеп септеп жазамыш болушуп мынча миллион кетти деп, калганын ичтеринен тушпой калчудай жештида. Жеп эле жатасынар, жеп эле жатасынар кайсы куну жарылаар экенсинер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан