SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Биринчи жолугушуудагы өбүшүү" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыйшык карайм. Туура эмес. "Сүйгөн жигит сүйгөнүнөн уялат, сүйбөгөнү өбөмүн деп кыйналат" болот да".
"Ээ, койгулачы, ай. Биринчи жолугушуудагы өбүшүү, билсеңер баарын чечет. Мисалы, сен бир кызды же баланы өңүнөн карап жактырдың, ал эми өбүшүүгө келгенде такыр жакпай калды. Андайдын эмне кереги бар, калп эле убактыңды өткөрүп".
"Биринчи жолугушууда өбүшүү туура эмес болуп калат го. Анда бул эмне өлөйүн деп калганбы деген ой кетет эмеспи. Негизи мындай иш-аракеттерди мезгилди кичине өткөрүп, анан башташ керек".
"Биринчи жолугушуудагы өбүшүү - баланын да, кыздын да жеңил ойлуулугу".
"Негизи биринчи жолугушуудабы же экинчидеби аны ар ким өзү үчүн өзүнүн жүрөгү, акылы менен кеңешиши керек. Ал нерсени пландоонун эч кажети жок деп ойлойм. Андай нерсе сезимге байланыштуу болот. Эгерде биринчи жолугушууда өбүшүп койсо эле туура эмес чечим чыгарган болбойт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.