Ош шаарында Карылар күнү белгиленип, 100 жылдан ашык өмүр сүргөн энелер сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардык мэриянын өкүлдөрү жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери калаа аймагындагы 100 жаштан ашык жашаган карыларды куттуктап, белек беришти. Мындан сырткары карылар үйүндө жашагандарга да сый көрсөтүлдү.
"Иш-чаранын жүрүшүндө 107 жашка толгон Касиет Жолдошева, 101 жаштагы Саламат Таштанбекова, 115 жашка чыккан Ивакан Тешебаева, 107 жаштагы Хадича Сунгатуллина жана 104 жаштагы Анипа Саипова, ошондой эле 100гө чыккан Шарапат Калыкова сыйланды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 90 жаштан ашкан 100дөн ашуун кары адамдар бар.