Өлкө аймагында жаап жаткан жамгыр эртең, 30-сентябрь күнү кечке чейин улануусу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең түштөн кийин Нарын, Ысык-Көл облустарында жамгыр жаашы күтүлүүдө. 30-сентябрь күнү кечке жуук өлкөнүн бардык аймагында абанын температурасы жогорулап, жаан-чачын токтойт.
Агенттик 1-октябрдан тартып Күн ачыла тургандыгын кошумчалады.