Бишкек шаарынын Чүй-Манас кең көчөсүндөгү суу тамчылап жаткан жер өтмөк текшерүүгө алынат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди.
"Чүй-Манас кең көчөсүндө жайгашкан жер өтмөктөгү суунун тамчылап жатканын текшерүүгө алабыз. Аны атайын адистер карап чыгып, 2-3 күндүн ичинде техникалык себептерин аныкташат. Андан соң курулуш иштерин жүргүзгөн ишкана өз эсебинен каражат жумшап, кетирилген кемчиликтерди оңдойт", - деп билдирди Ибраимов.
Маалыматка ылайык, Чүй-Манас кең көчөсүндө жайгашкан жер өтмөктөгү оңдоп-түзөө иштерин "Главтехинвест" ЖЧКсы аткарган.
Эске салсак, буга чейин аталган жер өтмөктөн сарыгып аккан суу тамчылап жатканы айтылган.