Аксы районундагы Сары-Челек коругунун директорунун орун басары Куштарбек Шабданов SUPER.KG порталына израилдик турист кыздын кандай жерден кулап, каза болгонун айтып берди.
Анын айтымында, 22 жаштагы Хилла Ливне жана жанындагы шериги экөө Кара-Камыш көлүнөн Сары-Челекке келе жатышып, Көтөрмө деген ашуудан жол таппай адашып калышкан.
"Белде жалгыз аяк бир эле жол бар. Эки турист ал жерге келгенде жолдон адашып, 200 метрдей жогору чыгып кетишкен. Алардын бири аскадан секирем деп жатып бутун сындырып алган. Ал эми артында келе жаткан 22 жаштагы кыздын шагылдан буту тайып, сүрүлүп барып аскадан кулап кетсе керек. Анткени ал жерде кармап калчу эч нерсе жок. Аскадан толук түшпөй, орто ченде туруп калган. Ошондуктан аны табуу кыйынга турду. Ал жер оңою менен көрүнбөйт. Алгач аны Сары-Челек коругунун кызматкери Канат Шабданов байкап, орусиялык чыгармачыл топтун дрону менен таап келдик. Андан соң милиция, куткаруучуларга кабар бердик", - деди Куштарбек Шабданов.
Айта кетсек, 23-сентябрь күнү Аксы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Сары-Челек коругуна Израилдин эки жараны жана Франциянын эки жараны туристтик максатта келишкен.
Израиль өлкөсүнүн жарандарынын бири 1993-жылы туулган Городесен Нафад Едипьия жардан кулап, бутунан жаракат алган. Жабырлануучуга 25-сентябрь күнү Кызыл-Туу айыл аймагынын Аркыт айылындагы туристтерге кызмат көрсөткөн адамдар тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Ал эми жанында бирге жүргөн турист кыз 1995-жылы туулган Хилла Ливне белгисиз себептерден улам дайынсыз жоголгон.
Бүгүн түшкө маал кино тартып жүргөн орусиялык чыгармачыл топтун дрону менен Хилла Ливненин жансыз денеси табылган.