Жалал-Абад-Казарман унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен саат 08:00 чамасында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 42-50-чакырымына кар көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылган. №31-жол тейлөө ишканасынан авто жүктөгүч жолду тазалоо иштерине тартылып, унаа жолу бир тараптуу ачылды.
Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 10 миң 200 метр куб.