Бишкек бир саамга кар алдында калды (фото)

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым жерлерде кар жаады. Бишкектеги күзгү жамгыр да карга айланып, шаар тургундарынын шаштысын кетирди. Борбор калаадагы гүлдөр, декоративдик өсүмдүктөр бир саамга кар алдында калды.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн, 30-сентябрь күнү кечке жуук өлкөнүн бардык аймагында абанын температурасы жогорулап, жаан-чачын токтойт. Ошондой эле 1-октябрдан тартып Күн ачыла тургандыгын кошумчалашты.
Бүгүн Бишкекте +8 градуска чейин жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Uzakova.Z.A
2017-09-30 10:05:14
Ушул элеби бизде кара кулжада аппак болуп басып калды го кар.
0
Firdaus-Muslim
2017-09-30 10:07:57
Тарт араны отун сууну камдайлы,
Кыш келатат суукта тоңуп калбайлы.
+21
TRAMPAM
2017-09-30 10:18:29
Күнгүрөнүп шамал согуп сүйлөнөт,
Күз бүтөт элек кар жаап салды үймөлөп.
Жашып жаткан жалбыракта тил болсо,
Жааган карга арызданып сүйлөмөк
+21
TRAMPAM
2017-09-30 10:19:40
Шагы ийилип дарактардын айрылып,
Шаабайы суз турдум көпкө кайгырып...
+16
Azat.97
2017-09-30 10:39:57
Кар жаады кар жаады аппак жаады
-10
aiba-889290
2017-09-30 10:54:07
Уйду кийинки жылы салабыз,быйыл фундамент куябыз деген жубайым экообуздун планды бир кундо аппак кар басып калдыго!
+12
daniel87
2017-09-30 11:13:39
aiba-889290,кудай буйруп насип кылсын жок легенде фундамент куйуп койсонор жакшы болмок
+13
Isco23
2017-09-30 11:41:13
daniel87,эртен эле кыш келбейт го дагы 2 ай бар,ысык кундор али алдыда,бир кар жааса эле кыш келди дебегиле да
+10
Pandora
2017-09-30 11:25:16
aiba-889290,Эми эле сентябрдын аягы,буйруса кун жылыйыт кудайымдын куну коп.Планынарды озгортпой бекем тургула!!! Эртерек аракет кылбапсынарда.Жазда жатка
+11
MAKALAK
2017-09-30 12:47:39
aiba-889290,жубайына карабай озун аракет кыл
жата бербей
+4
aiba-889290
2017-09-30 13:15:47
MAKALAK,жубайыма карап озум аракет кылбай жатканымы коргондой жазыпсынго.Жубайымдын оюн,планын угам жана мындан эч уят нерсе корбой турам.А жата бербей деген созуно келсек,кудайыма шугур основной иштен башка 2 подработка менен аялымды иштетпей уйдо бага алам.Копчулук катары мигрантпыз отпускада барып озум караштырып куйдурайын деген эле пландар болчу.
+3
Isco23
2017-09-30 18:16:00
aiba-889290,анан не жазасын,4 подработкада иште экоондо ищтесен ал аз го
-3
etaj_rus79
2017-09-30 12:41:58
Погода алмашып калган окшойт москвада али каар жаай элек кыргызстанда биринчи кар жааптыр уже
+2
Azatbek83
2017-09-30 13:23:23
etaj_rus79,Москвада да кар жаады сен жака жаабаган окшойт биз жака жаады.Погода аламашып калыптыр деген ал болбогон эле куру соз.Эчкачан погода алмашпайт мекенибизде кар жааза да жылуу бизде карачы ушул жума кыштын суугу болуп жатат.Россияда уже кыш Апрелге чейин.Бизде олкобуздо аба ырайы сезону менен болот.Барибир Кыргызстаныбыздын жылуу таза абасына Оруссиянын погодасы жетпей.
+1
Janusia
2017-09-30 13:45:25
13 чу суроттогу Бишкектин кайсы жери
0
Rasul94
2017-09-30 15:22:37
Janusia,цум тарап
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-09-30 16:07:05
Janusia,Революционерлер аянтынын аркасы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан