Бишкекте "Таза шайлоо" митинги болуп өттү (фото)

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында "Таза шайлоо" тынч митинги өттү. Башында акция Ахунбаев - Шабдан-баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги "24-март" скверинде башталып, бирок уюштуруучулардын суранычы менен иш-чара скверге жакын жайгашкан Ботаникалык сейил бакта уланды. Анда катышуучулар "Бийлик булагы - эл", "Административдик ресурска жол жок!" "Зилалиевдер жоопко тартылсын" деген жазуулары бар плакаттары менен турушту.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Наталья Никитенко, активисттер Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, Өндүрүш Токтонасыров, Эдил Байсалов жана башкалар катышты. Митингге келгендердин саны болжол менен 500гө жакын болду.

Жанар Акаевдин айтымында, учурда административдик ресурс колдонулуп жатат. "Министрлер аймактарга чыгып, жылкы союп, бийликтин талапкерине добуш берип коюуну суранып жатышат. Биздин талабыбыз - шайлоо таза, акыйкат өтсүн. Президент шайлоо таза өтөт деген. Өкмөт президентти укпайбы? Бизди коркуткан сайын биз күчөйбүз", - деп кайрылды катышуучуларга депутат.

Активист Адил Турдукулов: "Биз бүгүн бир талапкерди колдойлу деп чыккан жокпуз. Добуш уурдалбаш үчүн митингге чыктык. "Баарына каршы" деп добуш берсеңиздер да өлкөнүн келечеги үчүн салым болот", - деп сүйлөдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова: "Шайлоодо бюллетениңерди эч ким көрө албайт. Каалаган талапкериңерди шайлагыла. Бюллетенде эч кандай номур жок. Бюллетень менен кабинкага киргенде артыңарда эч ким турбайт. Сүрөт тартканга укугуңар жок. Өзүңөрдүн купуялыгыңарды сакташыңар керек. Урнада эч кандай камера жок. Добуштарды бурмалоо - бул чыккынчылык. Сатылбагыла, коркпогула!"

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева: “Сиздердин кайсы талапкерлерге добуш бергениңиздерди эч ким биле албайт. Сиздин добушуңузду эч ким көзөмөлдөй албайт. Мен БШКнын мүчөсү катары сиздерге кепилдик боло алам. Акыйкаттуулукту коргоо үчүн сиздер бизди колдоңуздар”, - деп суранды Журабаева.

Активист Ринат Самудинов: "Мен КСДПда көп жыл иштегем. Мен билем, президентке айланасындагылар маалыматты так беришпейт, ага маалымат бурмаланып жеткирилет. Ошондуктан биз үгүт ишин жүргүзөлү деп чечтик. Баарыбыз бир туруп, таза шайлоого үндөсөк. Шайлоодо административдик ресурс колдонулбаш керек. Криминалдык авторитеттер, диний ишмерлер колдонулбаш керек, добуштар сатылбаш керек. Ошондо таза шайлоо болот".

Активист Мавлян Аскарбеков: "Биз, жаштар бийликтеги байлардын байып жатканынан тажадык. Биз үмүтүбүздү үзбөй, жашоону өзгөртөбүз. Эртең шайлоо болот. Анда Кыргыз мамлекети же бар болот, же жок болот. Биз кул эмеспиз! Паспортту алып коркутууларга, 1000 сом төлөп добуш сатып алууларга жол бербейли. 15-октябрда жашообузду өзгөртөлү. Каалаган талапкерди тандап алалы. Өз тагдырыбыз үчүн күрөшөлү. Эркти түшүрбөй, туура тандоону жасайлы".

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко: "Эртең абдан маанилүү тарыхый шайлоо болот. Эгер элде тынчсыздануу болбосо, бүгүнкү "Таза шайлоо" үгүт акциясы болбойт эле. Акылман кыргыз эли парламенттик демократияга татыктуу. Акылман кыргыз эли коркутууга жол береби? Кыргыз эли сатылып кетеби? Жок! Ошондуктан биз бүгүн митингге чыктык".

Активист Эдил Байсалов: “Шайлоодо административдик ресурсту колдонуу - элдин эркиндигине кол салуу. Эгер эртең душман келсе, эмне кыла алабыз? Биз ага согуш жарыялайбыз. "Өздөн чыккан жат жаман" деген сөз бар. Эркиндигибизге кол салган адамдар - эң жаман душмандар. Кореяда бир чиновник бир талапкерге үгүттөгөнү үчүн 12 жылга кесилди. Эмнеге бизде Баткенде үгүт жүргүзгөн вице-премьер-министр минтип жазаланбай жатат? Административдик ресурска жол бербейли”.

Митингге экс-президент Роза Отунбаева ден соолугуна байланыштуу келе алган жок. Бул тууралуу саясий ишмер Эмилбек Каптагаев митингде сүйлөп жатып билдирди.

“Акыйкат шайлоо талабын биз колдойбуз. Бүгүн бул жерге митингге Роза Исаковна өзү келип катышам деди эле, бирок ден соолугуна байланыштуу келе албай калды. Ал сиздерден кечирим сурап, ал сиздердин талабыңар менен тилектеш экенин, силер менен тарапташ экенин, колдоорун билдирип коюуну менден суранды. Урматтуу жаштар! Бул шайлоо эл бийлей турган күн. Ушул күндү уурдатуу - элдин бийлигин уурдатуу. Элдин бийлиги шайлоо менен ишке ашат”, - деди Каптагаев.

"Таза шайлоо" митинги: "Административдик ресурска жол жок!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
yasmina_kg
2017-09-30 12:19:02
Кимдин буюртмасы менен чыгып жатышат болду экен.
-8
grace
2017-09-30 12:37:59
yasmina_kg,
Элдин буюртмасы бул!
+6
Bars88
2017-09-30 13:02:39
grace,Ушулар элди ойлойт дейсинби
-4
almanbetperm
2017-09-30 14:37:50
yasmina_kg,эч ким эч кимди буюртма кылган жок,эл оз эрки менен чыгып атат
+2
KGstan1981
2017-09-30 12:32:34
Уят эле бийликтеги коорупционерлер элден коркушуп бул жыйынды Бишкектин бир четине жыйын откозуго руксат беришиптир.Эми бийликтегилер кара жашик КТРКдан мактанышат биз мына элдин чогулушуна тосколдук кылбадык деп.
+7
modem4999
2017-09-30 12:40:56
Акча тараткандарды айтпайсынарбы? Бул шайлоодо админресурс менен эле акча ресурсунун курошу болгонтурат . Эл учун деп куйгон талапкерлерде кымындай да возможность жок,
+8
yasmina_kg
2017-09-30 13:36:29
modem4999,Туптуура акча жонундо эмне айтышпайт.
0
modem4999
2017-09-30 16:22:38
yasmina_kg,акча алгандар сизге минус басып атышат.
0
arena2014
2017-09-30 12:41:50
Менин угушумча Жеенбеков шайланып бутуптурго. Таза шайлоо болору кумон!
+6
nur...nur.
2017-09-30 13:18:14
Мадумаровду шайлайлы
+8
Su.Zeyd_89
2017-09-30 15:01:58
Булар деле бироолордун заказын аткарып жатат да. Булардын артында серый кардиналдар отурат да. Азыр Кыргызстандагы опозиция эн алсыз опозиция. Бакиевдин учурундагы опозиция орто азиядагы эн кучту опозиция болчу.
+2
yasmina_kg
2017-09-30 21:47:44
Купулдоп суйлогону менен эртен бийлике туруп калышса талкан жегендей дудук болуп калышат эл менен иши жок болуп.Далай опозициядагыларды кордук го эл козуно корунуп бакылдашып бийлике жеткенде балык болуп калгандарды.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан