Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте дарыгер Мамбет Мамакеевдин 90 жаш мааракесине карата эстелигинин жана үй музейинин ачылуу аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага өлкөнүн облустарынан жана Түркия, Германия, Өзбекстан, Казакстандан коноктор келип катышты. Мааракенин жүрүшүндө Мамбет Мамакеевдин кылган эмгектери айтылып, жасаган иштери туурасында катышуучулар өз ойлорун ортого салышты.
Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айылында туулган. Ал өмүр бою медицина тармагында иштеп келген. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын "Баатыры", "Манас" орденинин 1-жана 3-даражадагы ээси, Кыргыз ССРинин Ардактуу дарыгери наамдары берилген.
Мамбет Мамакеев учурда Бишкектеги улуттук хирургия бөлүмүндө эмгектенет.