Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө арналган "Жүрөктөн жүрөккө" аталышындагы кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Эмен багында Эл аралык карылар күнүнө карата "Жүрөктөн жүрөккө" аталышындагы жарманке өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурбек Курманбеков жана шаар тургундары катышты. Жарманкеде Чүй, Ысык-Көл облусунан келген карылар өздөрү жасаган ар кандай буюмдарын көргөзмөгө коюп, сатыкка чыгарышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ооруп калган учурда биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс, шахмат боюнча мелдеш, флешмоб жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерт өткөрүлдү. Жарманкенин негизги максаты - жергиликтүү бийлик органдары, мамлекеттик эмес уюмдардын жана карылардын ортосундагы мамилени өнүктүрүү. Мындан сырткары кары адамдарга өз эмгектери менен пенсиядан тышкары кошумча акча табуунун ыкмалары менен бөлүшүү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан