Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери 10 чакырым аралыкты чуркап өтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, марафонго Бишкек шаарында жайгашкан абакта кармалгандар жана ЖАМКнын кызматкерлери катышты. Алар жаш курагына бөлүнүп, 3 чакырымдан 10 чакырымга чейинки аралыкка жүгүрүшкөн. Марафон “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата коомчулукту тартипке, маданиятка чакыруу максатында өткөрүлгөн.
"Жарышка кыз-келиндер жана мырзалар катышты. Арасында 35 жаштан жогоркулар да бар. Жалпы 300дөн ашуун адам катышты. Кыз-келиндер 3 чакырым аралыкка жарышса, мырзалар Аламүдүн районунун Арашан айылынан баштап Чокморов айылына чейин 10 чакырымды чуркап өтүштү. Марафондун жеңүүчүлөрүнө жана активдүү катышуучуларына мактоо баракчалары жана баалуу байгелер тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.